Тажикстан Кыргызстанга Баткендеги «210 миң гектар жерди бересиңер» деп доо арткан. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Бүгүнкү жыйында «Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу», «Унаа жолдорун куруу жана пайдалануу, унаа жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификациялоо» жана «Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндо макулдашууну ратификациялоо» боюнча мыйзам долбоорлору каралууда.
Ташиевдин айтымында, кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча иштери 2002-жылы декабрда башталган. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1008, 14 чакырымды түзөт.
«Анын ичинен 519,9 чакырым 2011-жылга чейин такталып жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылда такталды», — деди ал.
Ал билдиргендей, Тажикстан такталган 519,9 чакырым чек ара боюнча келишим даярдап, ага кол коюуну, парламенттен ратификациядан өткөрүүнү көздөгөн, бирок кыргыз тарап чек ара толугу менен такталып бүтмөйүнчө, кол койбой турганын айтып баш тарткан. Себеби ал тилкелер тоолуу аймактарда болуп, эл жыш жайгашкан, чыр-чатактар чыгып турган жерлер тактала элек болгон.
«Калган чек араны, Баткен, Лейлектеги түздүктөгү талаштуу жерлерди ортодон бөлөбүз деп айтышкан. Ошондо алар биздин мамлекетибизге 210 миң гектар жерге ачык доо койгон. «210 миң гектар жерди бересиңер» деген. Эгер биз макул болсок, Лейлектин 70% жери жана Баткен районунун жарымы аларга кетмек», — деди ал.
Ташиевдин айтымында, Тажикстан чек араны такташууда 1924-1927-жылдагы карталарды колдонууну сунуштап келген. Бирок Кыргызстан 1991-жылкы КМШнын декларациясы боюнча кароону сунуштаган.
«2024-жылга чейин ушинтип келишти. Алар Кыргызстанга жерине доо коюп талаша бергендиктен, «эгер биздин жерибизге доо кое берсеңер, анда биз да доо артабыз, Мургаб боюнча доо коебуз, аны алууга акыбыз, күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбуз да жетет жана биз аны баштайбыз» деген билдирүү жасагам. Ошондон кийин гана кайра сөзгө келди», — деди ал.
Ташиев анын жанагы билдирүүсүнөн кийин гана эки тарап №44 протоколго кол коюлуп, анда чек араны тактоо 1991-жылдагы КМШ мамлекеттеринин декларациясынын негизинде жүргүзүү каралган.
«Ошондон кийин гана чек араны тактоо жакшы жүрүп кетти. Ага чейин чек араны тактоо жүрбөй турган», — деди ал.