УКМК алдамчылыка шектеп кармаган Бишкек шаардык кеңештин депутаты Амантур Мусагул уулу мандатынан ажыратылды. Мындай чечим 26-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.
Анын мандаты кезекте кийинки болуп турган партиялашына өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек, УКМК Амантур Мусагул уулуну марттын ортолорунда кармап, ал соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал 2024-жылы октябрда шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн акча табуу максатында WhatsApp аркылуу өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев деп тааныштырып, партиялашынан алдоо жолу менен 30 миң доллар алып алган.
2024-жылы күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөн. Амантур Мусагул уулу Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек» партиясынын катарында депутат болуп шайланып келген.
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарын мандатынан ажыратты