Россия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдү
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катуу бороон болууда
27.03.2025 | 13:23
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 500-544-чакырымдарында (Ат-Башы району) катуу бороондон жол жакшы көрүнбөй, оор жүк ташуучу унаалар үчүн кыйынчылык жаралууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылган. Учурда аталган аймакта жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Министрлик алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырды
Рубрики: Жаңылыктар, Коом