Ташкент – Ош багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылат

«Centrum Air» авиакомпаниясы Ташкент – Ош багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы маалымдады. Учуулар ушул жылдын 1-апрелинен тарта аткарыла баштайт.
Каттамдар жумасына эки жолу: шаршемби жана ишемби күндөрү Airbus A320 үлгүсүндөгү аба кемелери менен ишке ашырылат. Учуунун узактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт. Эки тарапка билеттин минималдуу баасы (жүксүз) 124 доллардан башталат. Билеттер авиакомпаниянын расмий сайтында жана сатуу каналдарында жеткиликтүү.
Каттамдардын графиги Ташкент шаарындагы туташтырууларды эске алуу менен түзүлгөн. Бул Ош шаарынан чыккан жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагы аркылуу башка багыттарга учууга шарт түзөт.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК билдиргендей, жаңы каттамдын ачылышы эки өлкө ортосундагы туризмди, бизнести өнүктүрүүгө жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.