Маалыматтарга караганда, видеону кыз менен интимдик байланышка барган жигит өзү тараткан.
Янгийул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери учурда прокуратура бул окуя боюнча тергөө иштерин баштаганын билдирди.
«103-берене боюнча («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») кылмыш иши козголду. Бардык маалымат тергөө аягына чыккандан кийин берилет», – деди ал.
Өзбекстанда интимдик жаңжалдар жана зордуктоолорго байланыштуу өспүрүм кыздар жанын кыйган учурлар буга чейин да болуп келген.