Ташкентте коронавирус жуктургандар үчүн 10 миң орундуу бейтапкана майда ишке кирет

Ташкентте коронавирус жуктургандар үчүн 10 миң орундуу бейтапкана майда ишке кирет

Ташкенттин Зангиата районунда коронавирус пандемиясы маалында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда.

Долбоорду ишке ашырып жаткан Enter Engineering компаниясынын маалыматына караганда, жаңы медициналык мекеменин негизги бөлүгү майдын башында пайдаланууга берилет.

«Мекеме түрдүү ооруларды жуктуруп алгандарды жаткыруу, ошондой эле чет өлкөдөн келип, карантинге алынышы керек болгон Өзбекстандын жарандарын жайгаштыруу үчүн пайдаланылат», — деди компаниянын башчысы Шохрух Саттаров.

Марттын аягында Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган адамдарды дарылоо үчүн өлкөдө бир нече оорукана куруларын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>