Бала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды
11.11.2023 | 10:35
Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция 21 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.
Белгилей кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу, айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом