Швейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оор
Таштандыны туура эмес ыргыткандарга 1 млн сом айып салынды
30.05.2024 | 19:00
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 протокол түзүлүп, 1 049 000 сом айып салынды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун акыркы аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.
Ленин районунда 323 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 000 сомго 18 протокол, Свердлов районунда 167 000 сомго 17 протокол түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом