Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Таштандыны туура эмес ыргыткандарга 1 млн сом айып салынды
30.05.2024 | 19:00
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 протокол түзүлүп, 1 049 000 сом айып салынды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун акыркы аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.
Ленин районунда 323 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 000 сомго 18 протокол, Свердлов районунда 167 000 сомго 17 протокол түзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом