«Таймс-сквер сыяктуу болот»: Түлеев ЦУМдун жанындагы Чүй проспекти качан ачыларын айтты
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев ЦУМдун жанындагы Чүй проспектиси качан ачыларын айтты. Анын айтымында, 20 күндүн ичинде асфальт төшөлүп, Чүй проспектиси 1-декабрга чейин ачылат. Мындан тышкары, Түлеев шаардыктардан ЦУМдун алдындагы бузулган фонтан үчүн урушпоону суранды. Азыр ал объект реконструкцияланып жатат.
«Кымбаттуу шаардыктар, мени урушпай, бир аз чыдаңыздар. Кийин бул жер “Таймс-сквер” сыяктуу болуп, мени ыраазычылык менен эстейсиздер. Башка өлкөлөрдөн келген коноктордун алдында да уят болбойбуз», — деди Түлеев.
Эске салсак, ЦУМдун жанындагы Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылдын 9-майынан тарта толугу менен жабылып, жер алдындагы өтмөк жана автоунаа токтотуучу жайдын курулушу башталган. Бул иштер экс-мэр Нариман Түлеевге таандык «Old Bishkek» аттуу ири инфраструктуралык долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоорду каржылоо «Ташболот холдинг» жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылууда. Алар башка булактардан да насыя жана инвестиция тартып жатышат. Жалпы курулуштун наркы 2 миллиард сомду түзөт. Мэрия объектти 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү чечимин кабыл алган, бул анын чыгымдарын жабууга жардам берет.