«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жылуу кийимдер менен камсыз болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жумушчулар үчүн 901 форма буйрутма берилген.
Жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери, айдоочулар, ошондой эле жүктөгүчтөр жана тазалоочулар жаңы кийимдерди алышты.
“Урматтуу жарандар! Коммуналдык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла, таштандыны атайын челектерге таштагыла”, — деп эскертет мэрия.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз