Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
«Тазалыктын» кызматкерлери жылуу кийим менен камсыз болушту
09.01.2023 | 11:00
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жылуу кийимдер менен камсыз болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жумушчулар үчүн 901 форма буйрутма берилген.
Жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери, айдоочулар, ошондой эле жүктөгүчтөр жана тазалоочулар жаңы кийимдерди алышты.
“Урматтуу жарандар! Коммуналдык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла, таштандыны атайын челектерге таштагыла”, – деп эскертет мэрия.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом