Тажикстан логистика инфраструктурасын жаңыртып жатат

Тажикстан логистика инфраструктурасын жаңыртып жатат

Тажикстан Борбор Азиядагы логистика тармагындагы артта калган абалын оңдоого киришти. Өлкө бүгүнкү күндө болгону 10–15 миң чарчы метрди түзгөн эски кампалары менен кошуна өлкөлөрдөн кыйла артта калууда — бул Өзбекстанга салыштырмалуу 16 эсе, ал эми Казакстанга салыштырмалуу 85 эсе аз.

Өнүгүүнү жайлаткан негизги себеп — географиялык татаалдыктар жана кампалык жерлердин тартыштыгы. Бул логистикалык көйгөйлөр Тажикстандын эл аралык соодадагы үлүшүнө түздөн-түз таасир этүүдө: ЕБ менен жүк жүгүртүүдө болгону 0,3%, ал эми Орусия жана Кытай менен 1,1% үлүшкө ээ.

Тажикстан  бул абалды өзгөртүү максатында жалпы аянты 50 миң чарчы метрден ашкан үч ири жана заманбап логистикалык комплекс курууну баштады. Алардын катарында муздаткыч кампалар да каралган. Бул демилге экспортту жеңилдетүүгө, ошондой эле Тажикстандын Ирандын Чабахар порту сыяктуу эл аралык транспорт коридорлоруна интеграцияланышына өбөлгө түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>