Тажикстан менен жаңжал болгон аймактагы айылдарда электр энергиясы өчүрүлгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
«Жергиликтүү тургундардын айтымында, Тажикстан Кыргызстан тарапка ок чыгарып, электр зымдарын бузган. Ошол себептен Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Таш Тумшук, Көк-Терек айылдарында электр жарыгы өчүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Чек арада абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүп, электр жарыгын берүү мүмкүн болбой жатат.