Табылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндөБишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алындыКыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – УлутстаткомMicrosoft кызматтарындагы глобалдык үзгүлтүк 74 өлкөгө таасир эттиТуман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайыБишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан
Баткендин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
27.01.2022 | 22:35
Чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Баткен облусунун ИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүгө көмөктөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.
Маалымат үчүн: 27-январда Тажикстан Республикасынын чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесин тосуп алышкан. Саат 19:35 чамасында тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом