АФК Кубогунун 3-турунун алкагында өткөн “Худжанд” – “Алай” беттешинин алдында тажикстандык команданын капитаны каршылаштарына белек тапшырды.
“Худжанддын” оюнчусу Дилшод Бозоров Оштун командасынын капитаны Алмазбек Маликовго “Тажикстан – Кыргызтан: элдеринин достугу өркүндөсүн” деген жазуусу менен топ белек кылган.
Беттеш 20-майда Душанбе шаарында өтүп, талаа ээлери 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.