УКМК Орусиянын күч түзүмдөрү менен бирге Европага жиберилген 810 кг героинди кармады — видео

УКМК Орусиянын күч түзүмдөрү менен бирге Европага жиберилген 810 кг героинди кармады — видео

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен Орусиянын ФКС, ФСБ жана ИИМи менен бирге ЕАЭБ аймагы аркылуу Батыш Европага ташылып бара жаткан героинди кармашты. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Баңги каражаттары “алтын жарымай” өлкөлөрүнөн (Афганистан, Иран, Пакистан) ташылып келе жатканда кармалган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 810 килограммдан ашык героин алынган. Кармалгандардын арасында өлкөлөрүнүн жарандары менен чет элдик жарандар бар. Кармалгандар өмүр бою эркинен ажыратуулусу мүмкүн.

Ал эми баңгизаттарды 200 килограммдан төрт ирет Нидерланды өлкөсүнө жиберүүнү көздөгөнү аныкталган.

Буга чейин Кыргызстанда баасы 20 миллион долларды түзгөн 440 кг ашык героин баңги заты кармалган. Ири масштабдагы баңги каналынын ишине бөгөт коюлуп, Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көлөмдөгү героин түрүндөгү баңги затыны колго түшүрүлгөнү айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>