«Текчелерге 187 млн сом кетет». ЖК окуучуларга телефон колдонууга тыюу салган мыйзамды карады

«Текчелерге 187 млн сом кетет». ЖК окуучуларга телефон колдонууга тыюу салган мыйзамды карады

Жогорку Кеңеш окуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салган мыйзамды биринчи окууда жактырды.

Парламенттин жыйынында билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдиргендей, мугалим сабак маалында тапшырма бергенде, окуучулар телефондон карап алып жооп бергенге өтүп алды.

«Сабактын мазмунун эсте сактап калып, билим алайын деген нерсе жок болуп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, телефонду койгонго ар бир класста атайын текче болот. Окуучулар сабак башталарда, телефондорун текчеге коюп, танаписте кайра ала алышат. Кайсы бир сабакта телефонду колдонуу керек болуп калса, окуучуларга телефонду алууга уруксат берилет.

Касымалиев билдиргендей, мектептердеги класстарга камералар орнотулуп жаткандыктан, аны бирөө-жарым уурдап алат деп кооптонуунун кереги жок.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков бул мыйзамдын аткарылышы кыйын болорун айтып, телефонду кое турган текчелер кимдин эсебинен сатып алынарын жана ага канча акча сарпталарын сурады.

Касымалиев Кыргызстанда 2,5 миңдөй мектеп бар экенин, алардагы класстарга текче салып алуу үчүн канча акча кетерин эсептешпегенин айтты. Ошол эле учурда текчелерди алуу мектеп директорлорунун мойнуна жүктөлөрүн билдирди.

«Ар бир класс үчүн текчени жасап коюш мектеп директорлорунун колунан келет болуш керек. Көп деле чыгымды талап кылбайт деп ойлойм», — деди ал.

Депутат Таштанбеков билим берүү министринин орун басарынын айтканы менен макул болгон жок. Анын айтымында, текчелерди алуу үчүн 150-200 млн сомдой акча кетет.

«Сизге санап берейин. 2,5 миң мектеп бар. Аларда орточо 15 класстан бар дейли. Орточо 37 миң 500 класс болот экен. Текче 5 миң сомдон дегенде эле 187 млн сом болуп жатат. Азыр оңдоо иштерине чогултулган акча үчүн ызы-чуу чыгарып жатабыз. Президенттин ата-энелерден акча чогултпагыла деген мыйзамы бар. Мугалим кантет, директор акчаны каяктан алат?! Ушуну ойлонуш керек», — деди ал.

Касымалиев депутаттын сөзүнөн кийин текчелерди директорлор ала албаса, анда республикалык бюджеттин эсебинен алууга болорун айтты.

«Эгер директорлор мындай жүктү көтөрө албаса, республикалык бюджетке киргизсе болот», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>