Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Текебаев менен бирге абакта отурган Дүйшөнкул Чотонов элчи болду
19.12.2024 | 18:44
Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Чотонов буга чейин Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы элчиси болгон. Ал Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев менен бирге россиялык жарандардан 1 млн доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылы 8 жылга абакка кесилген. Кийин алардын иши кайра каралып, 2021-жылы акталышкан.
Рубрики: Жаңылыктар