Кыргызстандын коммерциялык банктарынын активдери 1,2 трлн сомго жеттиСадыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкууладыЭксперт: Бишкек ШКУ өлкөлөрү үчүн бейтарап каржы аянтчасына айланууга кудуреттүүКМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтКыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстү
Текебаев менен бирге абакта отурган Дүйшөнкул Чотонов элчи болду
19.12.2024 | 18:44
Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Чотонов буга чейин Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы элчиси болгон. Ал Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев менен бирге россиялык жарандардан 1 млн доллар пара алган деп айыпталып, 2017-жылы 8 жылга абакка кесилген. Кийин алардын иши кайра каралып, 2021-жылы акталышкан.
Рубрики: Жаңылыктар