Царикаевдин сабалышы: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек – мэрЭртең Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү кимчи фестивалы өттүБишкекте автобус кулап кеткен адамдын башын тебелеп кеттиИИМ Екатерина Биволду сыртынан камакка алып, издөө жарыяладыАдылбек Касымалиев КУУга III даражадагы «Манас» орденин тапшырды
Терезеден кулап түшкөн кыргыз кыз 1 ай мурда Алматага барган
28.06.2024 | 11:30
Алмата шаарында жетинчи кабаттан кулап түшүп каза болгон кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кырсык 26-июнунда саат 06.50 чамасында болгон. 17 жаштагы кыз Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинин текчесине чыгып, ары-бери басып бийлеп жатып кулап түшкөн.
Алматанын полициясы кыздын психикалык жактан оорукчан болушу мүмкүндүгүн айткан. “Өзүн өзү өлтүрүү” беренеси менен иш козгоп, териштирүү башталды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кыз 21-майда Казакстанга келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом