TikTok АКШга өтүшү мүмкүн. Трамп АКШ менен Кытай келишимге жетишкенин билдирди

17.09.2025 | 20:00

АКШнын каржы министри Скотт Бессент Кытай менен АКШнын ортосунда популярдуу социалдык платформа TikTokко ээлик кылуу укугу боюнча алкактык келишим жетишилгенин билдирди. Бул тууралуу Associated Press жазды.

Анын айтымында, жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жума күнү боло турган жолугуушусунда келишим жыйынтыкталышы мүмкүн.

Reuters агенттигинин маалыматында, бул келишимде TikTokтун АКШдагы активдери Кытайдын ByteDance компаниясынан америкалык ээлерге өткөрүү каралган.

16-сентябрда Дональд Трамп АКШ менен Кытайдын ортосунда TikTokтун АКШда иштешин улантуу боюнча келишимге жетишкенин, америкалык бир катар чоң компаниялар аны сатып алууну каалап жатышканын жарыялаган.

TikTok соцтармагы 2018-жылдын жайында Кытайлык стартап ByteDance тарабынан түзүлгөн. Учурда ал 150 өлкөдөн 1,5 миллиарддан ашык колдонуучуга ээ.

Scroll to Top