Тилек Матраимов сегиз жыл башкарган Кара-Сууга жаңы аким келдиби?

Тилек Матраимов сегиз жыл башкарган Кара-Сууга жаңы аким келдиби?

Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрмат Исмаилов Кара-Суу районунун акими болуп дайындалганы айтылууда. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Азырынча Өкмөт бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Ал эми Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова бул боюнча тиешелүү буйрук жок экенин айтат.

“Эки күндөн бери мен дагы Эрмат Исмаилов аким болуптур дегенди угуп жатам. Бирок, Өкмөттөн аны кызматка дайындалганы боюнча тиешелүү буйрук бизге келген жок. Эгер келсе биздин аппараттан бир адам барып, аны эмгек жамаатка тааныштырмак да, өзү эле барып отуруп алган болбойт”, – деди Кадырбекова.

Өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев маалыматы бир аздан соң тактап берүүнү убада кылды.

Белгилей кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун бир тууган иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жылдан бери башкарып келген.

Эрмат Исмаиловдун дагы Матраимовдор менен жакшы мамиледе экендиги буга чейин бир нече жолу айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>