ТИМ АКШда адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу кармалган кыргызстандык менен байланышканын билдирди

09.02.2026 | 16:07

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу кармалып турган кыргызстандык Б.Б. менен байланышканын билдирди.

Министрликтин маалыматында, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу Б.Б. менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага консулдук-укуктук консультация өткөрүп, андан аркы аракеттер боюнча тиешелүү сунуштарды берген.

Мындан тышкары ТИМ аталган жарандын туугандары менен жолугушуу өткөргөн.

“Б.Б. кармалып турган акыркы жай такталган соң, консулдук жолугушууну өткөрүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлеринин баруусун уюштуруу пландалууда”,- деп билдирди мекеме.

Буга чейин АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Индиана штатында  төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 30 жаштагы кыргызстандык жаранды камакка алганын билдирген. ICE кызматынын маалыматына ылайык, окуя 3-февралда саат 16:00 чамасында State Route 67 трассасында болгон. Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа алдындагы транспорттун артынан токтоого жетишпей, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ичинде 15 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен кагылышып, төрт адам каза болгон.

Scroll to Top