Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
ТИМ “Электрондук консул” сайтын ишке киргизди
08.04.2025 | 13:49
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында “Электрондук консул” маалыматтык системасынын веб-сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
e-consul.gov.kg сайты аркылуу Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкү маалыматтарды ала алышат:
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмеси;
- Паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат;
- Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтар.
Сайт ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет:
- визаларды тариздөө,
- паспорттоштуруу,
- жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо,
- Кыргызстандын жарандыгы боюнча маселелер,
- Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аспектилери.
Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет.
Ошондой эле, төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди:
- Электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу;
- Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом