Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Бирдиктүү салык декларациясын 1-майга чейин тапшыруу керек
08.04.2025 | 14:11
Ушул жылдын 1-майына чейин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун 2-этабы улантылат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Бул салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- жеке ишкерлер;
- патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
- чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген Кыргызстандын жараны;
- киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом