Алматыдагы Kanye West’тин концертине билеттер дүйнө жүзүндөгү күйөрмандар үчүн жеткиликтүү болдуКР ИИМ коррупция тууралуу кабарлагандарды кылмыш иши козголгонго чейин эле коргоону сунуштоодоКыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары чек араны демаркациялоо маселесин талкуулаштыКР МСК 2,2 млн сомдук косметиканы жана товарларды мыйзамсыз киргизүүгө бөгөт койдуУлуттук госпитал 20-июлдан тарта жаңы акы төлөнүүчү тарифтер менен кабыл ала баштадыКыргызстанда документтери жок 2,2 млн сомдук товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду
ТИМ “Электрондук консул” сайтын ишке киргизди
08.04.2025 | 13:49
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында “Электрондук консул” маалыматтык системасынын веб-сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
e-consul.gov.kg сайты аркылуу Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкү маалыматтарды ала алышат:
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмеси;
- Паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат;
- Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтар.
Сайт ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет:
- визаларды тариздөө,
- паспорттоштуруу,
- жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо,
- Кыргызстандын жарандыгы боюнча маселелер,
- Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аспектилери.
Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет.
Ошондой эле, төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди:
- Электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу;
- Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом