Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев
ТИМ Иранда жүргөн кыргызстандыктарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды
13.06.2025 | 14:11
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израиль мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
ТИМ жарандарга эл көп чогулган жерлерден алыс болууга, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып турууга чакырды.
Ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүн, туугандары менен байланышта болууну жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып турууну сунуштады.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрылуу керек:
- Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54;
- ТИМдин ыкчам байланыш номери: +996999312002.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом