КРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдөУлуттук онкология борбору, Бета Сторес-2, Космопарк: 31-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөтКыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялар жыл башында 8,4%га өстүЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоочу жаңы ыкма колдонулуудаНТРК «УТРК Музыка» каналына айрым клиптердин кабыл алынбашын түшүндүрдүНарында айдоочу каршы тилкеге чыгып, эки кишини сүзүп кетти
ТИМ: Катардан Кыргызстанга 166 жаран учуп келди
09.03.2026 | 09:55

8-мартта Катар мамлекетинен Кыргызстандын 166 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекенине кайткандардын арасында Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган жарандар бар. Жарандарды эвакуациялоо Катар жана Сауд Арабия өкмөттөрүнүн көмөгү менен ишке ашкан. Министрлик аталган өлкөлөргө жараянды уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Учурда Тышкы иштер министрлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр Жакынкы Чыгыштан башка жарандарды эвакуациялоо боюнча ишти улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом