Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
ТИМ: Москвадагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
29.07.2022 | 16:20
Москвадагы хостелде чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 29-июлга караган түнү Москванын Алматы көчөсүндө жайгашкан хостелде өрт чыгып, анын айынан 8 мигрант иске ууланып каза болгон. Ошондой эле 1 киши куткарылып, 200 адам эвакуцияланган.
Министрликтен белгилешкендей, учурда Росиянын укук коргоо органдары тарабынан өрттүн себеби жана каза болгондондун аты-жөнү такталууда.
“Кыргызстандын элчилигинин кызматкери окуя жерине чыгып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча хостелдеги өрт учурунда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок”, – деп билдирет министрлик.
Бул маселе Кыргызстандын элчилигинин көзөмөлүндө турат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом