Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Быйыл өлкө боюнча эң көп турак жайлар Ошто курулган
29.07.2022 | 16:15
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанда 4 миң 421 турак жай, үч мектеп, үч бала бакча жана тогуз саламаттыкты сактоо мекемеси курулган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Турак жай жана социалдык объектилердин көбү Ош облусунда курулган – 1 миң 151. Экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат – 891 объект.
Чүй облусунда 596, Ысык-Көл облусунда 457, Бишкек шаарында 362, Талас облусунда 309, Баткен облусунда 292 объект курулган.
Объекттердин ичинен эң азы Нарын облусунда -182 жана Ош шаарында – 91 курулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом