«Славян базары» сынагында 3-орунду алган ырчы Бек Исраилов сыйланды

«Славян базары» сынагында 3-орунду алган ырчы Бек Исраилов сыйланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында 3-орунду ээлеген ырчы Бек Исраилов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Азамат Жаманкулов ырчынын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирди. Ошондой эле, өнөр жаатында өлкө даңкын эл аралык аренада таанытууда көрсөткөн аткаруучулук чеберчилиги үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

18-июлда Беларусияда 31-эл аралык музыкалык фестивалы жыйынтыкталып, кыргызстандык Бек Исраилов 3-орунду ээлеген.

Бек Исраилов буга чейин Юрмалада өткөн “Новая волна” сынагынын лауреаты, Чолпон-Ата шаарында өкөн “Кадыр түн” сынагынын жеңүүчүсү жана башка эл аралык сынактарда баш байгелерди жеңгени менен белгилүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>