ТИМ өлкөдөгү качкындар жана жарандыгы жок адамдар маселеси боюнча БУУнун өкүлү менен жолукту

ТИМ өлкөдөгү качкындар жана жарандыгы жок адамдар маселеси боюнча БУУнун өкүлү менен жолукту

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Думитру Липкану менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Думитру Липкану мамлекеттик органдар менен биргеликте качкындар жана башпаанек издеген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстанда жашаган жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.

Ал эми Алмаз Имангазиев Кыргызстан КЖКБ менен кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирген. Ал ушул жылдын 25-февралында Кыргызстандын өкмөтү жарандыгы жокторду азайтуу максатында жарандыгы жок адамдын статусун аныктоонун жана мындай адамдарга тиешелүү күбөлүк берүүнүн тартибин белгилеген Жобо бекитилгенин белгилеген.

Министрдин орун басары маектешин Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө маани берерине жана өлкө бул маселеде өз милдеттенмелерин ырааттуу түрдө сактай турганын айткан.

КЖКБнын өкүлү учурдагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, качкындардын укуктарын коргоо жана жарансыздык маселелери боюнча Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>