Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымат таратып, Кыргызстандын жарандарына карата АКШга кирүүгө кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө электигин, чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп калып жатканын билдирген эле.
«Биринчи карлыгач учту»: «От» (Burning) тасмасынын жаратуучулары фильмдин АКШда чыгышы тууралууКөчмөндөр искусствосу: Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылдыТоктогул суу сактагычынан дагы 500 метр мыйзамсыз тор чыгарылдыКыргызстанда пестициддерди лицензиясыз саткандарга айып пул салуу сунушталдыЖККУнун штаб башчысы быйылкы машыгуулар кайсы жерлерде өтөөрүн айтып бердиФорель менен көк чаар балыгына лимиттер: Айыл чарба министрлиги квоталарды бекитти
Кыргызстандын АКШдагы элчиси визалык чектөө маселеси боюнча Вашингтондо сүйлөшүү өткөрдү
18.06.2025 | 10:10
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөр киргизиле турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү мүмкүндүгү тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган.
Элчи Айбек Молдогазиев бул маселени кароодо тең салмактуу мамиле керек экендигин белгилеген. Жолгушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта кызматташууну улантууну макулдашышкан.
Рубрики: Жаңылыктар