ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Орусия 27 миң кыргызстандыкты “кара тизмеден” чыгарат, – ТИМ
27.07.2022 | 14:04
Бүгүн, 27-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.
Анын айтымында, Орусияда “кара тизмеге” кирген 27 миң жаранга миграциялык мунапыс берилет. Ошондой эле мигранттарга жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
“Негизи эле Орусияда жүргөн мигранттар тарабынан көптөгөн укук бузуулар катталат. Аны биз айтпасак деле угуп жатасыңар. Жеңил мыйзам бузуулардын аркасынан “кара тизмеге” кирген 27 миң жараныбызга “миграциялык мунапыс” жөнүндө чечим кабыл алынды, жакында “кара тизмеден” чыгарылат”, – деди министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом