Кыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүЖазуудан мультфильмге чейин: КРда мамтил программасы кеңейтилетОрточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керекКыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет«Торт» менен «ханбийкесиз»: КР колуктулары кайсы көйнөктү тандашат?Базар-Коргондо алдыдагы жылдары 2 млрд сомго жакын жаңы долбоорлор ишке ашырылат
Орусия 27 миң кыргызстандыкты “кара тизмеден” чыгарат, – ТИМ
27.07.2022 | 14:04
Бүгүн, 27-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.
Анын айтымында, Орусияда “кара тизмеге” кирген 27 миң жаранга миграциялык мунапыс берилет. Ошондой эле мигранттарга жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
“Негизи эле Орусияда жүргөн мигранттар тарабынан көптөгөн укук бузуулар катталат. Аны биз айтпасак деле угуп жатасыңар. Жеңил мыйзам бузуулардын аркасынан “кара тизмеге” кирген 27 миң жараныбызга “миграциялык мунапыс” жөнүндө чечим кабыл алынды, жакында “кара тизмеден” чыгарылат”, – деди министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом