Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
ТИМде эл аралык укук боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү
18.09.2025 | 09:59

Бишкек шаарында Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эл аралык-укуктук маселелери боюнча консультациялар өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи кабарлады.
Кыргыз делегациясын КР ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору Адылбек Тультемиров, ал эми орус делегациясын Орусиянын ТИМинин Укуктук департаментинин директору Максим Мусихин жетектеген.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык-укуктук маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашып, көп тараптуу уюмдардын алкагында ишти координациялоону макулдашышкан. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын эл аралык келишимдерге тиешелүү мыйзамдарынын учурдагы абалы боюнча маалымат алмашышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат