АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш медаль утту
18.09.2025 | 09:52

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.
Финалдык кармашта ал эквадордук спортчу Генесис Росангела Валдез менен беттешип, 76 кг салмак категориясында атаандашына утулуп калды.
Эскерте кетсек, Айпери буга чейин да дүйнө чемпионаттарында коло жана күмүш медалдарды жеңип алган. Бул жолу да кыргыз спортунун атын дүйнөгө таанытып, дагы бир жолу чоң жетишкендикке жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт