ТИМде Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды

16-сентябрда Бишкек шаарында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Финляндиянын ЕККУга төрагалыгынын аралык жыйынтыктарын чыгарышкан. Тери Хакала кыргыз тарапка уюмдагы фин төрагалыгынын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирген.
Тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Асеин Исаев ЕККУнун иштешинин айрым маселелери боюнча кыргыз тараптын көз карашын билдирген.
Мындан тышкары, ЕККУнун башкы катчысы Фуада Синирлиоглунун 2025-жылы Кыргызстанга боло турган сапарын уюштуруу жана даярдоо тууралуу сүйлөшүшкөн. Ошондой эле 2025-жылдын декабрында Вена шаарында өтө турган ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Борбордук Азия жана Скандинавия өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын жолугушуусун өткөрүү маселеси талкууланган.