Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт
17.09.2025 | 10:00

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Бирдиктүү күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында жарыяланды.
Айпери 76 килограмм салмакта күч сынашып, мыкты көрсөткүчтөргө жетишти:
- 1/8 финалда — 19 жаштагы Түркиянын жаштар арасында Европа чемпиону Элмира Ясинди мөөнөтүнөн мурда жеңди;
- чейрек финалда — АКШнын панамерикалык чемпиону Кейли Рене Уэлкер менен беттеште акыркы 10 секундда утуп чыкты (эсеп 3:2);
- жарым финалда — украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди.
Эми алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште Айпери Эквадордон келген Женесис Розангела Валдезге каршы килемге чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт