ТИМде Медер Абакиров Улуу Британиянын элчиси менен жолугушуу өткөрдү

25.09.2025 | 13:38

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын экономикалык, соода-инвестициялык, банк иши жана тоо-кен тармагындагы артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.

Сүйлөшүүлөрдү Concrete Canvas ишканасы менен бирге завод куруу боюнча долбоордун жүрүшүнө, Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UK Export Finance (UKEF), ошондой эле маанилүү тоо кен минералдар секторун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун алкагында Boston Consulting Group (BCG) менен кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамилелерди мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгын билдиришип, жогорку деңгээлдеги сапарларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top