“Элитхаус” курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиев кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга шектелүүдө.
Бишкек шаардык сотунун маалыматында, ишкердин бөгөт чарасы каралып, аны 9-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Тимур Файзиевге каршы 2021-жылы иш козголуп, кийин токтотулган. Анда ишкердин мамлекеттин эсебине 2 миллион доллар төлөгөнү айтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз