Ошто айдоочу 3 окуучуну сүзүп кетип, бирөөсү каза болду

Ошто айдоочу 3 окуучуну сүзүп кетип, бирөөсү каза болду

Ош шаарында айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган жаран 3 окуучуну сүзүп кетип, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 5-октябрда болжол менен 13:50до болгон. 36 жаштагы М.М.Ж. аттуу жаран Toyota Scion унаасы менен Осмонов көчөсүндө бара жатып, жөө өтмөктөн 2010-жылы туулган А.Н., Т.У. жана 2016-жылы туулган А.А. аттуу балдарды сүзүп кеткен. Жол кырсыктан кийин А.Н. жана А.А. аттуу балдар Ош облустук ооруканага жаткырылган.

Ал эми Т.У. башынан жаракат алып, Ош шаардык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө түшкөн. Балага операция жасалып, бирок, ага карабай 11-октябрда ал эсине келбей каза болгон.

Ош шаарынын кайгуул кызматы айдоочуну кармап, тергөө кызматына өткөрүп берген. Анын унаасы айып короосуна токтотулган.

Кайгул кызматынан белгилешкендей, аталган айдоочу буга чейин, 9-сентябрда Оштун Жапалак айылында 2012-жылы туулган Б.А. аттуу баланы сүзүп кеткен. Жол кырсыктан жабыркаган бала ооруканага түшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>