Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы Монголияда өткөн Азия чемпионатында 19 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 3 алтын, 2 күмүш, 14 коло байге уткан. Мелдеш 4-12-август күндөрү өткөн. Чемпионатка 10 мамлекетен келген 200гө жакын спортчу катышкан.
Байге алгандардын тизмеси:
1-орун:
- Бактыбекова Айзада — (блиц, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Сейдахматов Баимбет — (классика, 19 жаш, Бишкек шаары);
- Садырова Нургыз — (классика, 14 жаш, Ысык-Көл облусу).
2-орун:
- Сазаев Кубан — (классика, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Закирова Айжан — (блиц, 14 жаш, Ош облусу).
3-орун:
- Жамакеев Анарбек — (классика, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Жамакеев Анарбек — (блиц, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Шамбетова Алтынай — (классика, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Жамансартова Азиза — (классика, чоӊдор курама жаат мүчөсү);
- Сагыналиева Гүлайым — (классика, 19 жаш, Бишкек шаары);
- Султашев Нурэл — (классика, 14 жаш, Ысык-Көл облусу);
- Рахманов Динислам — (классика, 14 жаш, Ош шаары);
- Сыргак уулу Сырттан — (блиц, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Асейева Адина — (блиц, чоӊдор курамасынын мүчөсү);
- Кудайбердиев Марсель — (19 жаш, Бишкек шаары);
- Султашов Ислам — (блиц, 19 жаш, Ысык-Көл);
- Асанкулова Эркежан — (блиц, 19 жаш, Бишкек шаары);
- Сманова Аэлита — (блиц, 19 жаш, Чүй облусу);
- Жеӊишбеков Алмазбек — (14 жаш, Ош шаары).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз