Бостериде милиция жоголуп кеткен 3 жашар кызды таап, ата-энесине кайтарып берди

Бостериде милиция жоголуп кеткен 3 жашар кызды таап, ата-энесине кайтарып берди

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Бостери айылынан жоголгон кызды таап, ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган. Өз алдынча издеп, таба алышкан эмес.

Кайрылуу түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери издөө иштерине киришип, 2 саттан кийин кызды табышкан.

«Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тартылган. Издөө иштери көп кабаттуу үйлөрдө, жеке секторлордо, эс алуу бактарында жана пляждык аймактарда уюштурулган. Эки сааттык издөө иштеринин натыйжасында жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>