Тогуз-Тородо өз алдынча баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды – сүрөт

Тогуз-Тородо өз алдынча баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды – сүрөт

Тогуз-Тородо өз алдынча баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыганын басма сөз кызматынан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда милицияга Тогуз-Торо районунун “Н” аттуу тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө 32 жаштагы тургун кармалып анын жанынан баңгизатка окшош 2 даана тоголок формада нерсе табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал 24 грамм “каннабистин смоласы (гашиш)” баңгизаты экени аныкталган. 

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө ал тоолордон баңгизат камтыган чөптөрдү терип келип, үйүндө  майдалап, баңгизатын даярдап жүргөндүгүн айткан.

Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>