БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Тогуз-Тородо 70 гектар жер өрттөндү
15.09.2021 | 18:30
14-сентябрда Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Кызыл-Кыя жайлоосундагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен болжол менен 70 гектар аянттагы куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды. Өрт саат 21:55 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом