Төкмө акын Болот Назаров кармалды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Төкмө акын Болот Назаров кармалды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Москва районунда бирөөнүн жылкысын тартып алууга шектелип, төкмө акын Болот Назаров кармалды .

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 7-ноябрь күнү Москва РИИБге Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган.

Арызында 7-ноябрь күнү Москва районунун Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Москва РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.  9-ноябрь күнү Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. (ред: Болот Назаров) аттуу жаран экендиги такталып, ал ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган.  Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.

Буга чейин акын жана публицист Олжобай Шакир төкмө акын Болотбек Назаров үч күндөн бери дайынсыз экенин билдирген.

Эске салсак, Назаров 2022-жылдын  22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.

ИИМ маалымдагандай, КР Жазык кодексинин 283 («Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») жана 287-беренелерине («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын») ылайык кылмыш иши козголгон.

Болот Назаров 23-январда үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>