Жапырт камоо: Али Шабдан, Перизат Суранова камакта калтырылды

Жапырт камоо: Али Шабдан, Перизат Суранова камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Сот активист Али Шабдандын жана Перизат Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Буга чейин Гүлнара Журабаева дагы 20-декабрга чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалгандар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>