Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Токмок шаарынан Кара-Балтага калаасына чейин тез жүрүүчү поезд жүргүзүүнү парламентте демилгелеп чыкты.
Анын айтымында жолдордо тыгындарды азайтып, жарандар үчүн жеңилдиктерди жаратмак.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев ар кандай эл аралык уюмдарга долбоорлорду сунуштап тез жүрүүчү поездерди жүргүзүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, бирок, азырынча каржы булактары табылбай жатканын билдирди.